Пример HTML-страницы

Жайылдагы Кара-Дөбө айылынын тургундары жергиликтүү бийликке негизги көйгөйлөрүн айтышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй районунун Жайыл айыл аймагынын Кара-Дөбө айылында тургундардын жыйыны өтүп, анда элдин негизги көйгөйлөрү айтылды.

Айыл тургундары Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев, Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Марат Көкөев, райондогу бардык кызматтардын жетекчилери менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө район башчысы облуста жүргүзүлүп жаткан иштер, административдик-аймактык реформа, анын негизинде Кара-Дөбө жана Калдык айылдары Жайыл аймагына кошулганына токтолду.

Кара-Дөбө айылынын тургундары бир катар суроолорду беришти:

— Кара-Дөбө жана Калдык айылдарынын ортосундагы жолду оңдоо. 5 чакырым жолго асфальт төшөө талап кылынат. Буга аким Т.Түркбаев Транспорт министрлигине капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча долбоор жазылганын айтты. Бир жылда 5 чакырымдын баарын оңдоого мүмкүн болбой калышы мүмкүн. Ошондуктан этап-этабы менен маселе чечилет.

— Кара-Дөбө айылындагы мечиттин жанында чоң көлчүк пайда болгон. Айыл тургундары аны жоюуга чара көрүүнү суранышты. Жумушчу комиссия түзүлүп, анын курамына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кирген. Алар жер астындагы суулардын топтолуу себептерин иликтөө жана кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзөт.

— Жеке турак жай курууга бөлүнгөн 40 жер тилкесинин 15и гана Кызыл китеп алган. Жайыл архитектура бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Курманалиевдин айтымында, бул айыл Красновосточный айыл аймагына карачу. 2023-жылы түзүлө баштаган башкы план кабыл алынгандан кийин аталган маселе чечилет. Ал эми Кара-Дөбө айылынын акыркы башкы планы 1988-жылы кабыл алынган. Айыл өкмөт башчысы Марат Көкөков белгилегендей, бардык көйгөйлүү маселелер эске алынган жана аларды чечүү акырындык менен ишке ашат.

Жайыл районунун айыл аймагында тургундардын чогулушу 12-июнда башталды. Жакынкы аралыкта 30 айылда өткөрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE