Пример HTML-страницы

Жайылда 3 адамдын өмүрү кыйылган кырсыкта жаракат алган наристе жандандыруу бөлүмүндө чарчап калды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда 3 адамдын өмүрүн алган жол-транспорт кырсыгынан жаракат алган наристе жандандыруу бөлүмүндө чарчап калды. Маалыматты Жайыл райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунан тастыкташты.

2 жаштагы бала 7-июнь күнү чарчап калган. Ал эми 60 жаштагы жабырлануучунун абалы жакшы, эки күндөн кийин палатага которулат.

Буга чейин 6-июнда саат 20:00 чамасында Ош—Бишкек унаа жолунун 101-чакырымында «Scania» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаа кагышып, анын кесепетинен эки аял жана бир эркек киши каза болгондугу маалымдалган.

Каза болгондор «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаада бара жатышкан. Ушул эле унаада дагы үч киши жабыркаган.

Ал эми Жайыл райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунан билдиришкендей, аталган кырсыктан 60 жаштагы киши жана 2 жаштагы бала ар кандай жаракаттар менен түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE