Жайыл районунда чоң форелдер кармала баштады. Видео

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунда чоң форель кармала баштады, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.

«Биз негизинен Кара-Балта жана Суусамыр дарыяларынан жана алардын куймаларынан чоң балыктарды кармайбыз. Кармалган балыктын демейки салмагы 300 граммдан 1 килограммга чейин жетет. Бирок үч килограммга чейин жеткендер бар. Мунун баары мезгилге жараша колдонула турган жемге жараша болот: жазында курттарды, жайында ар кандай курт-кумурскаларды, ал эми күзүндө тирүү майда балыктардын жардамы менен кармоого болот.

Форель балыктары эртең менен интенсивдүү азыктанат. Көбүнчө форель балыгын кыймыл менен кармайбыз: дарыянын жээгин бойлой жылып отуруп кармайбыз. Жээкти кылдаттык менен, ызы-чуу кылбай кармоо зарыл. Балык кармоонун ыкмаларын тандоо да негизинен балык кармоо шарттарына жараша болот. Ар кандай “трюктарды” билүү, тажрыйба, дарыяны билүү адатта жакшы натыйжа берет — чоң балыктар кармалат», — дейт жергиликтүү эксперт, балык уулоонун чебери Алтынбек Мадунов.

Биолог Ирина Стежко төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Чүй облусунун тоолуу дарыяларында тоо же Аму дарыя форели жашайт. Суудагы курт-кумурскалардын личинкалары, дарыяга түшкөн курт-кумурскалар жана майда балыктар азыктанат. Булар 20-кылымдын 50-60-жылдарында Кызыл-Суу дарыясынан (Алай өрөөнү) Кара-Дарыяга жана Чүй дарыясынын куймаларына (Аламүдүн, Ала-Арча, Ысык-Ата), ал эми 80-жылдары Нарын дарыясынын куймаларынын боюнда алынып келген», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️