Жайкы ооруларды алдын алуу жана эмдөө

https://kyrgyzcha.site/?p=65405&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Жайкы ооруларды алдын алуу жана эмдөө

 

Баштын шакыйы кармаса жана баш оорулары

 

Эгер сиздин шакыйыңыз кармаса, жай айында андан качып кутулбашыңыз белгилүү. Ысык күндөрдө организм бир аз кыйналат. Анын натыйжасында, баштын шакыйы кармап, ооруйт. Муну алдын алуу үчүн организмдеги суунун деңгээлин иреттеп туруңуз. Күнүнө 8 стакандан кем эмес суу ичүүгө аракет кылыңыз жана милдеттүү түрдө баш кийимчен жүрүүнү унутпаңыз.

 

Пример HTML-страницы

Ысыктан жана нымдуулуктан териде майда кызыл безетки же ысыктар пайда болоору белгилүү. Ошондой эле, ал ысык күндөрү тери катмарынын бүтөлүп калышынан да пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан, күн жылууда ванна же душ кабыл алыңыз. Эгерде безеткилер пайда боло калса, балдар упасы (присыпка) же жүгөрү унун сээп коюңуз. Эки жуманынын ичинде негизги белгилер жоюлбаса, дарыгерге көрүнүу керек.

 

Конъюнктивит – көздүн жука катмары же ички бөлүгүнүн оорусу. Бул көбүнчө бактериалдуу инфекция, аллергия кезинде пайда болот же жайында кум, топурак, чаң, кирден улам келип чыгат. Алдын алуу өтө жөнөкөй: колду дайыма жууп, көздү кир кол же сүлгү менен аарчыбай, мүмкүн болсо косметикалык каражаттарды колдонбош керек (өзгөчө ысык күндөрдө). Көбүнчө линза же көз айнек кийген туура. Эгер күчөп кеткен болсо, дарыгерге кайрылыңыз. Эгер белгилүү бир себептерден бара албасаңыз, абалды ромашка тунмасынан жасалган компресс аз да болсо жеңилдетет.

Фарингит жана тамактын оорусу

 

Жай айларында тамак оорулары башка мезгилге караганда эки эсе көп учурары белгилүү. Анткени, биринчиден ысык күндөрү муздак суу, балмуздак жеп коюушуңуз мүмкүн. Экинчиден ысык күндөрдө бактериялар активдүү түрдө көбөйөт. Ал эми үчүнчүдөн сууга түшкөн жайлар аркылуу да бул инфекцияны жуктуруп алуу коркунучу басымдуу болуп келет. Эгер негизги белгилерди байкасаңыз, дарыгерге көрүнүп, айыгуу керек.

 

Отит

Дагы жай мезгилинде кенен таралган оорулардын бири сырткы отит же кулактын оорусу. Бул оору көбүнчө сууга түшкөн учур башталгандан тартып көп байкалат. Анткени отиттин башкы себеби — муздак сууда көп убакыт жүрүү.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️