Жайдын таңы баары ачыкка чыгып…Чүйдөгү өспүрүм кыз апасын ата-энелик укуктан ажыратууну суранды

TurmushЧүй райондук прокуратурасы тарабынан Чүй райондук сотуна өгөй атасынан зордук-зомбулук көргөн өспүрүм кыздын кызыкчылыгын коргоо боюнча доо арыз келтирилди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 19-августта милицияга жергиликтүү тургундан арыз келип түшкөн. Х. аттуу жашоочу 2017-жылдан бери 2005-жылы туулган өгөй кызын зордуктап жүргөнүн билдирген.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен катталган.

Андан тышкары жабырлануучу Х.С. дагы суракка алынган. Ал өгөй атасы аны 2017-жылдан бери зордуктап жүргөнүн, бирок коркконунан бул жөнүндө эч кимге айтпай келгенин билдирген.

Өспүрүм кыздын айтымында, 19-августта эртең менен өгөй атасы зордуктагандан кийин үйдөн качып кеткен жана таанышына барып, баарын айтып берген. Таанышы дароо милицияга кайрылган.

Шектүү – 1975-жылы туулган Х.Х. кармалып, Токмок ШИИБдин абагына камакка алынган.

Пример HTML-страницы

Ал эми өспүрүм кыз Чүй райондор аралык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө 6 айга жайгаштырылган.

Чүй райондук соту Х.Х.ны эки эпизод — Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) боюнча 13 жана 15 жылга эркинен ажыраткан. Ал эми үчүнчү эпизод — Жазык кодексинин 162-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен 15 жылга кескен. Сот жазаларды кошуу менен 18 жылга эркинен ажыраткан.

«Өспүрүм кыз апасы күйөөсүнө болушуп, психикалык жана моралдык кысым көрсөтүп, балдар үйүнө келип алып кетпегендиктен, сот өкүлдөрүнөн энесин ата-энелик укуктан ажыратып берүүнү суранган.

Азырку учурда аталган кыз үй-бүлөлүк типтеги балдар үйүндө жашап жатат. Доо арыз Чүй райондук сотунда каралып жатат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️