Ысык-көлдүктөрдүн олчойгон акчага бааланган «байлыгы»

TurmushАкыркы жылдары Кыргызстандын фермерлери сандан сапатка өтүп, асыл тукум малдын башын көбөйтүп жатышат. Таза кандуу иттен баштап жылкыга чейин баккан ишкерлердин арасында чарбасы миллиондогон акчаларга бааланган фермерлер бар. Turmush басылмасы Ысык-Көл облусундагы фермерлер боюнча маалымат топтоду. Анда мал боюнча чакан жана ири чарбаны алдыга сүрөгөн фермерлер ишмердүүлүгү, малдын баасы жана башкалар боюнча айтып беришкен.

——————————————————

Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну Айболот Оторов асыл тукум койлорду багып жатат. Өзүнүн айтымында, асыл тукум кой багып жатканына жалпы 5 жыл болду. Анын ичинен 3 жылдан бери таза кандуу Арашан койлорду багуу менен алек.

«Учурда 2 кочкор бар. Биринчиси — Бадро, белгилүү Красавчиктин линиясынан, 4 тиш болду. Экинчи кочкор — Ахиллес, Статус аттуу белгилүү кочкордун линиясынан. 11 айлык болгон козу кочкорлорду тааныштар тукумдукка алып кетишкен. Койлордон 15 баш бар, булар 2, 4, 6 тиштик койлор.

Башында жөнөкөй эле койлорду багып жүрдүк. Кочкор караштырып жүрүп, Канттан Нурбек аганын дарегин таап, Красавчиктин линиясынан козу кочкор, ага кошуп Арашан койлорду да ала келип, көбөйтүп баштадым. Биз алып жатканда койлор 15-20 миң сом эле болчу. Азыр абдан кымбаттап кетти. Бизден да көптөгөн кишилер келип, козу кочкорлордон алып кетишти, азыркыга чейин кабарлашып турабыз.

Өзүм мамлекеттик жумушта иштейм. Бош убактымда кой багуу менен алекмин. Көбүнчө койду жубайым менен балам карайт. Алар менден да жакшы билишет, бардыгына ат коюп алышкан. Жашын, кайсы айда туулганынан бери билишет. Жубайым Айсулуу, уулум Азирет 7 жашта. Жубайым койлордун баасын бычат», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Анын айтымында, кой жакшы болсо, кардар издеп деле убара болбойсуң. Анткени козуларды 1-2 жумалык кезинде эле баалап, брондоп кетишет. Фермер малдын башын көбөйтүп, бизнес ачууну көздөп жатканын кошумчалады.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын 33 жаштагы тургуну Азамат Талипов 5 миң долларга чейин бааланган асыл тукум койлорду багып жатат.

«Асыл тукум Арашан койлорду багууга Фарид аттуу досум себеп болгон. Ошондон улам бул койлорду багууга кызыгып кеттим. Арашан породасындагы асыл тукум койлор жылына эки жолу тууйт. Сойсоң көп эт берет. Сатсаң кымбат баада сатылат. Эки маал атайын тоют жана эки маал чөп берип багабыз. Мындан сырткары арпа, буудай, беде, саман, сабиз да беребиз. Учурда менде 40 туут кой бар», — деди ал.

Азамат Талипов Арашан тукумундагы козуларды 25 миң сомдон 1 миң долларга чейин сатып жатканын айтты. Ал эми чоң кочкорлор 1 миң доллардан 5 миң долларга чейин бааланат.

«Бул койлорго кызыккандар күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Көргөзмөлөргө барып катышып турабыз. Келечекте дагы асыл тукум койлорду көбөйтүүнү пландап жатам», — деди ал.

Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын тургуну Болотбек Ахмедов уяң жүндүү койлорду багып жатат. Фермердин айтымында, бала кезинен эле малга жакын өскөн.

«Буга чейин короодо жөнөкөй койлор бар болчу. Ошолорду багып, оокат кылып келгенбиз. Өткөн жылы уяң жүндүү меринос койлорду багууну ойлонуп, бизнес долбоор жазып, 1,5 млн сомго 140 баш кой алдым. Ар бири 10 миң 500 сомдон айланды. Койлорду эки фермерден алдым. Мындай койлор Түптүн Балбай айылында жана Ак-Суунун Тегизчил айылында бар экен. Алар менен сүйлөшүп алдым. Бул жылдын жазы менен төл берип баштайт», — дейт ал.

Каракол шаарынын тургуну Жанат Стамов сүт багытындагы голштин уйларын багууда. Ал уйлардын асылдуулугун интернеттен көрүп, буйрутма менен алдырган.

«Россия жергесинде эмгектенип келгем. Ал жерде жүргөндө бул уйлар тууралуу маалыматтарды угуп, абдан кызыкчумун. Анан кичи мекенге келгенде интернет булактары аркылуу Россиядан Бишкек шаарына алып келип саткандарды таап, буйрутма бергем», — дейт ал.

Жанат кесиби боюнча экономист. Бул асыл тукум уйларды багуу бир топ пайдалуу экенин айтат.

«Бир уй 30-40 литр сүт берет. Биздин уйлардай эле багасың. Ошондо биздин уйлардан 3 эсе көп сүт берет. Ал эми жем, чөп ошол эле. Туугандан кийин жакшы караш керек. «Уйдун сүтү тилинде» деп коёт эмеспи. Андыктан жакшы жем, чөп бериш керек», — дейт ал.

Уйлардын бою 1 метр 60 см болуп, зоот келет. Баасы 150 миң сом.

Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Чолпонкул Кыдырмышев швиц породасындагы уйларды багып жатат.

Өзүнүн айтымында, учурда анын сарайында күнүгө ар бири 30 литрден сүт берген уйлар бар. Эң чоңунун тирүү салмагы 1 тоннага чейин барат.

«Биз үй-бүлөбүз менен кеңешип, асыл тукум мал асыроого өттүк. Атайын сарай куруп, бир жылдан бери швиц породасындагы уйларды багып келем. Булар сүт жана эт багытындагы уйлар. Мурда жөнөкөй уйлардан 10 литрге чейин сүт алсак, азыр бул уйлардан 30 литрден сүт алабыз. Союп сатсаң да, эки эсе актачудай. Анткени салмагы жагынан да айырмаланат. Ар биринин аты бар. Өзүм атап алгам. Мунара, Гигант жана башка. Ал эми 2 жаштагы Борка 850 кг салмакта. Бул дагы салмак кошот. Буюрса күзгө чейин салмагы 1 тонна болот деп отурабыз», — деген ал.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Үч-Кайнар айылынын 45 жаштагы тургуну Бакыт Тороев асыл тукум койлор кандай багытта пайда берерин аймактык кабарчыга айтып берди.

«Учурда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында турам. Кыргыз элинин басымдуу бөлүгү мал чарбачылык менен алектенип, оокат кылып келишкен эмеспи. Мен да бала кезимен жылкы, кой багып чоңойдум. Союз убагында чоң атам менен чоң энем өкмөттүн малын багып келишкен. Анын ичинен меринос деген ак койлорду багышкан. Ошол убактагы асыл тукум породадагы койлор болчу. Короонун иштерине аралашып жүрүп эле малга жакын болуп кеттим. Жогорку окуу жайга тапшырган жокмун. Мектепти аяктап, армияга барып келгенде союз тарады. Ошол жылдары элдин баары кыйналган. Окуйт болчумун деп ата-энемди кыйнаган жокмун. Ошентип Каракол шаарындагы базарда 20 жылга жакын соода кылдым», — деген ал.

Бакыт Тороев Арашан койлорун багуудагы артыкчылыктарын айтып берген.

«15 жылдан бери асыл тукум койлорду багуу менен алекмин. Алгач 2-3 кой багуудан баштадым. Иштин көзүн тапкан соң, койлорду көбөйттүм. Мал багуу да оңой эмес. Убагы менен жем-чөбүн берип, жайытка чыгаруу керек. Айрым учурда сыркоолоп калат. Анын үстүнө азыр ар кандай оорулар пайда болду. Кой багуунун пайдасы көп. Жылкы 11 айда, уй 9 айда бир төлдөсө, кой 5 айда бир төлдөйт. Ушундан улам кой бат көбөйөт. Учурда эт багытындагы 100гө чукул арашан породасынагы койлорду багам. Салмагы оор келип, козулары 4 айдан кийин сойгонго жарап калат. Койлорду мал базарга алып барып сатабыз. Көбүнчө үйдөн алып кетишет. Козуларын 20 миң сомдон 50 миң сомго чейин саттым. Чоң кочкорлору 150 миң сомго чейин сатылды. Кыргыз элибизде ушундай асыл тукум койлордун саны көбөйүп, берекесин берсин», — деген ал.

Кыргызстанда биринчи жолу Арашан породасындагы ургаачы кой 12 миң долларга сатылды. Маалыматты «Кыргыз койчулар» коомдук бирикмесинин төрагасы Мирлан Сатыбеков дагы тастыктады.

1 млн сомго сатылган Марал аттуу кой Тилек Тыналиевдин чарбасында багылып жаткан. Анын айтымында, бул койду кардарлар Өзбекстанга алып кетишкен.

«Менин чарбам Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ичке-Булуң айылында жайгашкан. Ошол жерге Өзбекстандан кардарлар келип алып кетишти. Анда үч кой сатылды. 5 жаштагы Сулуу деген кой 7,5 миң долларга, 3 жаштагы Чүрөк деген кой 8 миң долларга, ал эми 3 жаштагы Марал деген кой 12 миң долларга сатылды. КМШ боюнча мындай баада сатыла элек болчу. Өзүм 7 жылдан бери Арашан койлорун багып келем», — деген ал.

Жети-Өгүз районунда асыл тукум кой-кочкорлорлдун көргөзмөсү өткөн. «Асыл-Арашан» коомунун төрагасы Аманбек Алымкожоевдин айтымында, көргөзмөдө 182 килограммдык Гектор каймана аттуу кочкор 1-орунга чыкты.

Аскат Мамбетовдун Ысык-Көл районундагы «Нобель» дыйкан чарбасындагы Гектор кочкору 6 жашта, салмагы — 182 кг.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️