Ысык-Көлдө катердин мотор майы төгүлгөнү аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл районунун Кара-Ой айылында көл жээкте катер жарым жартылай көлгө чөгүп, мотор майы көлгө куюлду.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, эртең мененки толкун учурунда жээкте токтоп турган «Алтын көл» катеринин мотордук отсегине суу толуп, андагы майлар көлгө чыгып турган.

Жеринде туристтик-экологиялык милиция, мамлекеттик жер жана суу инспекциясы, райондук ички иштер бөлүмү, прокуратура, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан турган комиссия иш алып барууда.

«Көлгө аралашып кетпеш үчүн аккан майды атайын унаа менен сордуруп жатабыз. Азыркы тапта бир унаа сорду, дагы экинчи унааны сордурабыз. Көл үстүнөн анализдер алынды. Анализдин жыйынтыгы менен катер ээсине айып пул салынып, тийиштүү иш-чаралар жүрөт», — дейт Ысык-Көл райондук техникалык-экологиялык көзөмөл кызматынын жетекчиси Нурлан Жолдошбаев.

Катер ээси 1991-жылы туулган тургун экени маалым болду.

Пример HTML-страницы

Аталган факт катталганын жана териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️