Ысык-көлдүк Нуржигит Дюшебаев дүйнө чемпиону аталган боксчулардын үстүнөн жеңишти камсыздады

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Нуржигит Дюшебаев бала кезинен бери спорттун бокс түрү менен машыгып, дүйнөлүк мелдештерде ийгилик жаратып келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Дюшебаев Нуржигит Арстанбекович 1998-жылы 1-августта туулган. Эки бир тууган. Ал 11 жылдан бери бокс менен машыгат.

«Кичинекей кезимден эле спортко жакын болчумун. Башында спорттун башка түрү менен машыгып жүрдүм. 5-класста билим алып жатканда бокс чөйрөсүнө келип, спорттун бул түрүн жактырып калдым», — деди ал.

Ал өлкөнүн чемпионаттарын утуп, эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарды багындырууга үлгүргөн. Бул жолу Сербиянын Белград шаарында өткөн эл аралык мелдеште күмүш медаль менен кайтты. Мелдешке 20дан ашык өлкөнүн спортчулары катышты.

«Мелдеш 29-мартта Сербия өлкөсүндө өттү. Бул ири мелдеш болгондуктан ага катышууга алгач лицензия утуш керек. Эл аралык «А» классы деп коёт. Нуржигит спорт чебери, бардык талаптарды аткарып, лицензия алган. Турнирде төртүнчү жолу беттешүүгө чыкты. Буга чейин дүйнө чемпиону болгон мушкерлерди утуп алды. Акыркы финалда англиялык мушкер менен беттешкен. Натыйжада күмүш медаль тагынды», — деди боксчунун машыктыруучусу Бейшен Сабатаров.

Ошондой эле машыктыруучу Нуржигит май айында Азия чемпионатына, күз мезгилигинде Азия оюндарына катышууга даярданып жатканын билдирди.

Пример HTML-страницы

Боксчу мектепти аяктагандан кийин спорттон алыстап кетпөө максатында К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетин табигый илимдер жана дене тарбия факультетин аяктаган.

Учурда Каракол шаарындагы спорт мектебинде эмгектенип, 20дан ашык баланы машыктырып келет. Ал Кыргыз Республикасынын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү.

«Келечекке койгон ой-максаттарым көп. Өзүбүзгө окшогон жаштарга жардам берип, спорт тарыхында из калтырган инсандардын катарын толуктагым келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️