Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облусунда бир апта ичинде 46 мас айдоочу аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Көл облусунун аймагында бир апта ичинде 46 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 2-июнунан 10-июнга чейинки бир жума аралыгында облустун аймагында жол эрежелерин бузган 1286 айдоочу аныкталып, протоколдор түзүлдү.

Анын ичинен мас абалында 46 айдоочу кармалып, 85 автоунаа айып короого токтотулду. Жалпы протоколдордун ичинен ылдамдык ашырып айдагандар 463, жол белгисине баш ийбеген 280, тиешелүү документи жок башкарган 20, автоунаа айдоого укугу жок 3 айдоочу аныкталды.

Ошондой эле, жолдо эрежелерин бузган 41 жөө жүрүүчү, башка жол эрежелерин бузган 348 айдоочу болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE