Ысык-Көлдө мал-жандыктардын катышуусунда жол кырсыктарын алдын алуу иштери жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көлдө мал-жандыктардын катышуусунда жол кырсыктарын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын жүрүшүндө Ысык-Көл облустук ЖКККБнын кызматкелери тарабынан жазма буйруктар берилип, анын негизинде №35 жол тейлөө мекемеси тарабынан эл аралык маанидеги Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол унаа жолунун 150дөн 220-чакырымга чейин «Мал айдоо» жол белгилери орнотулду.

Күз мезгили келип, мал-жандыктар жайлоодон түшүп жаткан убак. Жергиликтүү тургундарга өздөрүн малдарын талаага кароосуз калтырбоолору боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️