Пример HTML-страницы

Ысык-Көл облустук ооруканасынын жаңы имаратын курууга мезгил кутусу салынды

Акыркы жанылыктар

Turmush

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жаңы имаратын курууга мезгил кутусу салынды, деп билдирет аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, бийлик өкүлдөрү жана ак халатчандар катышты.

Оорукана 3 кабаттуу, 350 орундуу болуп салынат. Анда административик бөлүм, кабыл алуу бөлүмү, диагностикалык бөлүм, невропатология, кардиология, хирургия, травматология, онкология, терапия, көз оорулар бөлүмү, лор, жандандыруу бөлүмү, урология жана балдар бөлүмү орун алат.

«Бул курулушту Ысык-Көл облусунун тургундары көп жылдан бери күтүп жүргөн. Ысык-Көл облустук ооруканасы 1967-жылы курулган. ӨКМдин чечими менен имарат жараксыз деген корутунду бар. Биз оңдоп-түзөө менен иштеп келе жатабыз. Бүгүн башталса, бир жарым жылдан кийин ишке берилет. 3 кабаттуу, 19 миң квадрат метрден, 5 блоктон турат», — дейт министр Алымкадыр Бейшеналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE