Видео — Сары жоогазындар Кара-Балта шаарынын айланасын көрккө бөлөдү

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарынын айланасында сары жоогазындар гүлдөдү.

Жергиликтүү тургундар Кара-Балта дарыясынын нугундагы адырларда, шаарга чектеш талааларда сары жоогазындар мурунку жылдарга салыштырмалуу көп экенин белгилешүүдө.

«Быйыл алар ар бир кадам сайын жолугуп жатат. Кимдир бирөө щеткаларды күндүн нуруна малып, жазгы жашыл чөптү боёп койгондой. Сары жоогазындар шаарды курчап турган пейзаждын өзгөчөлүгүнө айланды», — дейт 32 жаштагы жаратылыш сүйүүчү Николай Радченко.

Биолог Ирина Стежконун айтымында, жапайы жоогазындын бул түрү Кыргыз кырка тоолорунда жана Чыгыш Казакстанда гана таралган.

«Алар дүйнөнүн башка эч жеринде кездешпейт. Анын гүлдөрү ачык сары, жалбырактары лансолат сымал. Колпаковский жоогазындары апрелдин ортосунан майдын башына чейин гүлдөйт. Бул түр орус географиялык коомунун ардактуу мүчөсү Герасим Колпаковскийдин (1819-1896) фамилиясынан аталган. Герасим Колпаковский Семиреченск облусунун губернаторунун кызматын аркалап, Орто Азиянын жаратылышын изилдеген ар кандай экспедицияларга чоң жардам көрсөткөн.

Жоогазын Россия жана Европа гүл өстүрүүчүлөрүнүн арасында популярдуу болуп, бир кыйла туруктуу жана жөнөкөй көп жылдык өсүмдүк болуп саналат. Анын жаркыраган, сары, уникалдуу түсүнүн аркасында сиз чоң аймакта да, шаар четиндеги чакан аймакта да уникалдуу дизайнды түзө аласыз. Колпаковский жоогазындары өзүнүн теңдешсиз сапаттары үчүн 20-кылымдын 50-жылдарынын ортосунда Улуу Британиянын королдук багбанчылык коомунун атайын сыйлыгына татыган», — деп бөлүштү И.Стежко.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️