УКМК Жалал-Абадда 412 млн сомго бааланган базарды мамлекетке кайтарган. Соодагерлер үчүн ижара акы бекитилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 27-августта Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү. Жыйында депутаттар муниципалдык менчикке өткөн «Шабдалы-Зар» базарынын ижара тарифин бекитип беришти.

Шаар бийлигинин өкүлдөрү берген маалыматка караганда, базарда буга чейин муниципалдык менчикте болгон 36 соода түйүнүнө бекитилген тарифге ылайык ижара төлөө сунушу коюлган. Бул соода түйүндөрдө бир күнгө бир чарчы метрине 16 сомдон төлөнүп келген. 13 сому салык катарында болсо, 3 сому кароолчу жана тазалык кызматкерлери үчүн төлөнгөн. Базардагы соодагерлердин айрымдары тарифге өз нааразычылыгын айтып кайрылгандыктан соода жайга карап тариф эки баада бекитилди. Базардын биринчи зонасынан онунчу зонасына чейинкиси күнүнө 16 сом бойдон калды. Себеби андагы жай базардин кире беришине туура келет жана эл көп соода кылган жай катары эсептелет. 11-зонадан 27-зонага чейинкилерге күнүнө чарчы метрине 10 сомдон бекитилди. Бул тарифти бийлик өкүлдөрү соодагерлер менен сүйлөшүүдө айтып, алар макул болушкан.

Шаар депутаттары да жеке менчик соода жайларга караганда бир топ эле жөндүү баа экенин белгилеп, коюлган тарифти бекитип беришти.

  • «Шабдалы-Зар» базарында жалпы 405 соода түйүнү бар.

Ошондой эле Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин жалпы ижара акысы бир жылга 740 миң сом болуп бекитилди. Бийлик өкүлдөрү аталган лицейдин тарбиялануучулары «Алтын тамга», «алтын сертификат» алып жаткандыгы, билим берүүгө кошуп жаткан салымдары эске алынып, жеңилдетилгенин белгилешти. Депутаттар ижара акынын кымбаттоосунан окууга болгон төлөмдү көтөрбөөнү суранышты. Ал эми лицейдин жетекчилиги ижарадан төлөм көтөрүлбөй турганын белгилешти.

Пример HTML-страницы

Сессияга шаардык кеңештин мурунку төрагасы, учурда Кара-Көл шаарынын мэри кызматында иштеп жаткан Нуртилек Орозбаев келип, шаар депутаттарына ыраазычылык билдирди.

—————————————————————

Turmush Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Кубанычбек Иманалиевге шилтеме берүү менен «Шабдалы-Зар» базарынын ижара акылары июль айынан тарта шаар казынасына түшүп баштай турганын жазган.

«Базардын профилин алмаштыруу боюнча эч кандай пландар жок, базар бойдон эле иштейт. Бул базарда 36 соода түйүн гана муниципалдык болуп келген. Эми мында базарда соода болгон 405 соода түйүндүн ижаралары казынага түшөт. Буга чейин жеке ишкер тарабынан айына 700 миң сом тегерегинде тыйын чогулуп келген экен. Биздин тарифке салып көрсөк деле ошондой эле акчага айланат экен», — деди ал.

Июль айынан тарта калаадагы муниципалдык базарга көчүрүлгөн эмерек сатуучулар да белгиленген ижара акыны төлөп башташат.

Калаада курулушу башталуу алдында турган «Телтору» ат майданынын орду болгон 22,5 гектар жерге түшүүчү муниципалдык базарды курууга 5 млрд сомдон ашуун каражат жумшалат. Курулушун 2 жылда бүткөрүү пландалууда.

2024-жылдын 10-майында УКМК Жалал-Абад шаарында маркум Кадыржан Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болгон базар мамлекеттин менчигине алынганын билдирген.

«Баасы 412 млн 111 миң сомду түзгөн «Шабдалы-Зар» базары мамлекеттин менчигине алынды.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө «Шабдалы-Зар» базары жайгашкан жер 1994-жылы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык «Дустлик» ААК менен аффилирленген жеке компанияга берилгени аныкталды. Жерди алган компаниянын акцияларынын контролдук пакетинин 85%ы К.Батыровго таандык болгон. Жер кодексинин 1994-жылдагы редакциясына ылайык мэриянын жер бөлүп берүүгө (сатууга) укугу жок болчу.

Жер тилке К.Батыровго мыйзамсыз сатылып, ал 2009-жылы Кыргызстандын жарандары М.А. жана Р.Ш. (К.Батыров менен аффилирленген жактар) менен жалган түрдө сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Аталган аймак бир нече жыл бою базар катары колдонулганү», — деп билдирген УКМК.

Ал эми 2024-жылдын 21-июнунда УКМК Жалал-Абад шаарынын жана Сузак айылынын аймагындагы 22 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлгөнүн билдирген. Бул мурда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилерди мамлекетке кайтаруу багытында биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштердин жыйынтыгы.

Расмий маалымат боюнча, жердин баасы 4 млрд 170 млн 432 миң 633 сомду түзөт. Комитет учурда бул жер тилкелеринде Мамлекеттик ипотекалык компания арзан турак жай менен камсыздоо программасынын алкагында 10 турак жай комплексин куруп жатканын билдирди.

Курулуп жаткан турак жай комплекстеринин жалпы аянты 424 478 чарчы метр болуп, 6610 батирди жайгаштыруу пландаштырылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️