Пример HTML-страницы

«Тынч кетип калсаңчы»: Айылдагы 2 кошунанын окуясынын чоо-жайы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас облустук соту кошунасы менен чырдашкан адамга карата өкүм чыгарды. Turmush басылмасы окуянын чоо-жайын баяндайт.

Айыпталуучу Ашыкбай (аты өзгөртүлдү Т.А.А.) Айтматов районундагы айылдардын биринин тургуну. Үй-бүлөлүү. Эч жерде иштебейт. Ал 2024-жылдын 26-мартында Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага карата 30 миң сом айып салынган. Эгерде ал айып пул түрүндөгү жазадан баш тартса Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесинин 5-бөлүгү (айып) боюнча жоопко тартылары эскертилген.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Ашыкбай 2024-жылдын 14-март күнү саат 16:30 чамасында өзүнүн кошунасы Узакжан (аты өзгөртүлдү Н.У.Б.) менен уруша кетип, аны бетке бир нече жолу урган. Узакжан жеңил жаракат алып, ал боюнча Ашыкбай күнөөлүү деп табылып, Айтматов райондук соту тарабынан жогорудагыдай өкүм кабыл алынган.

Ашыкбай райондук соттун өкүмү менен макул болбой, апелляциялык даттануу келтирип, сот тарабынан анын укугу бузулганын, себеби тергөөдө жана сот учурунда жактоочу менен камсыз болбогонун, сот тарабынан анын жактоочу алуу укугу толук түшүндүрүлбөгөнүн билдирди. Окуя болгон күнү өзүнөн кичүү кошунасы Узакжан мас болуп келип, анын короосуна келип, уят сөздөр менен сөккон. Ага «тынч кетип калсаңчы» деп суранганына карабастан урушту баштап анын натыйжасында аны бир урган. Муну мойнуна алат. Кошунасы Узакжан 2024-жылдын 2-апрелинде Айтматов райондук соту тарабынан Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 57-беренеси (ден соолукка атайын жеңил зыян келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 40 саатка коомдук иштерге тартуу жазасы берилген. Өзүнө чыккан сот өкүмүндө бул жагдай эске алынбай калган. Андыктан Айтматов райондук сотунун 2024-жылдын 8-апрелиндеги өкүмүн өзгөртүп, мыйзам чегинде жаза колдонууну суранды.

Кошунасынын экөөнүн чек арасында унаа киргенге жол бар. Чыр ошол жерден чыккан. Себеби ошол жолду мал кирип кетпесин деп жыгач менен тосуп койгон. Эшикте мал жайгарып жүргөндө кошунасы Узакжан өзүнүн үйүнүн тушунда мас болуп кыйкырып, сөгүнүп кирген. Анан жанына барып «барып эмне болду?» деп сураганда «Тосуп койгон жыгачты сен илбе. Эмнеге илип коёсуң?» деп аны оозго алгыз уят сөздөр менен сөгүп кирген. Экөө жакалашып мушташып кетишкен. Узакжан аны биринчи оң көзүнө уруп жиберген. Жини келип аны жерге жыгып алып, бетке бир уруп, мойнунан муунтуп койгон. Узакжан да Айтматов райондук соту тарабынан 40 саатка коомдук иштерге тартууга жазаланган. Ал эми ага болсо 30 миң сом айып салып койгон. Ашыкбай калыстык үчүн ага да коомдук иштерге тартуу жазасын берүүнү суранды.

Ашыкбайдын жактоочусу апелляциялык даттанууну колдоп, Айтматов райондук сотунун 8-апрелдеги өкүмүн өзгөртүп, Ашыкбага да коомдук иштерге тартуу жазасын берүүнү суранды.

Прокурор апелляциялык даттанууну колдобой, Айтматов райондук сотунун 8-апрелиндеги өкүмүн өзгөртүүсүз, апелляциялык даттанууну канааттандыруусуз калтырууну өтүндү.

Соттун өкүмү:

Талас облустук соту 28-майда иштин материалдарын карап чыгып, Айтматов райондук сотунун 2024-жылдын 8-апрелинде Ашыкбайга карата чыгарган өкүмүнүн жаза дайындалган бөлүгүн өзгөрттү. Ал дагы Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү) менен айыптуу деп табылып, 40 саатка коомдук иштерге тартуу жазасы берилди.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE