Пример HTML-страницы

Turmush: Туристтик жолго таш кулаган: Сулайман-Тоонун бир тарабы ачылды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 22-майда саат 15:30дан тартып Сулайман-Тоодогу Үңкүр музейи менен кичи туристтик жолдор зыяратчылар үчүн ачылды. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинен билдиришти.

Зыяратчылардын коопсуздугун эске алуу менен Сулайман-Тоого чыгуу тоонун түштүк-батыш тарабындагы (Черемушка) «От дарбаза» эшигинен башталып, Бабурдун өжүрөсүнөн аяктайт. Зыяратчылар саат 9:00дөн 20:00гө чейин кабыл алынат.

Сулайман-Тоонун түндүк-чыгышындагы «Суу дарбазасы» тарабындагы зыяратчылар жолунда мониторинг иштери уланып жаткандыгына байланыштуу убактылуу жабык.

«Музей комплекстин администрациясы аба ырайынын ар кандай шарттарына ылайык, зарыл болгон учурларда жарандардын коопсуздугу үчүн Сулайман-Тоонун аймагында чектөөлөр киргизилип турарын алдын ала эскертет», — деп айтылат маалыматта.

18-май күнү саат 13:00-15:00 аралыгында катуу жааган жамгырдан Сулайман-Тоонун түштүк тарабындагы негизги туристтик жолго болжол менен көлөмү 50х70 см болгон үч таш кулап түшкөн. Андан сырткары кум аралашкан майда таштар сел аркылуу агып түшүп, тепкичтерди жаап калган.

Буга байланыштуу Сулайман-Тоого чыгуучу жайлар бекитилип, элдин чыгуусуна 19-20-май күндөрү тыюу салынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE