Turmush: Таласта ажалга себеп болгон унаалар: Өмүрү кыйылган 25 адам

Turmush2021-жылы Талас облусунда оң рулдуу унаалардын катышуусу менен жалпы 68 кырсык катталган. Талас ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, бул кырсыктардын кесепетинен 25 адам каза болуп, 159 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алган.

Ал эми быйылкы жылдын 3 ай ичинде Талас облусунун аймагында жалпы 8 жол кырсыгы катталса, анын ичинен 7 кырсык оң рулдуу унаанын катышуусу менен болгон.

Облуста жалпы 40 миңге жакын унаа катталган. Анын дээрлик көп бөлүгүн оң рулдуу унаалар түзөт. Оң рулдуу унаалар башкарууда ар кандай ыңгайсыздык жаратат жана карама-каршы келе жаткан тилкедеги унааларды көрүүгө тоскоолдук кылат. Талас облусунда Бишкек шаарына минивен унаалар менен эл ташыган унаалар көп. Ал унаалар кокустан жол кырсыгына учураса ичиндеги 8 кишиге жакын адамдын өмүрүнө коркунуч туудурат. Такси каттамындагы унаалар жүргүнчүлөрдү оң жактан түшүрүп, кооптуу жагдайга алып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️