Turmush: Пакистандык студенттердин Кыргызстандагы жашоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кант шаарынын тургуну Гүлипа Чекирова №4 мектеп-гимназиясында англис тили мугалими жана пакистандык студенттерге котормочу болуп эмгектенип келе жатат. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маектешти.

Г.Чекирова 1965-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда төрөлгөн. 2 кыз, 1 уулдун апасы. И.Арабаев атындагы университетин немец жана англис тили факультетин бүтүргөн. 37 жылдык өмүрүн билим берүү тармагына арнап, «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисинин ээси болгон.

Үй-бүлөсү, билими, эмгек жолу

«Ата-энем көп жыл мурун каза болуп калышкан. Балдарымдын баары үйлөнүп, жайланган. Улуу балам келинчеги экөө 3 баланын ата-энеси болушту. Андан кийинки кызым жолдошу менен 3 балалуу болуп, очор-бачар түтүн булатып келишет. Кичүү кызым да өзүнчө үй-бүлөсү менен жашап келет.

Бир топ мектептерде немец тилинен сабак бердим. Ысык-Көл облусундагы мектепте иштеп жүргөндө мэриянын пансионатында чет элдиктер үчүн котормочу болуп, кошумча иштечүмүн.

Пример HTML-страницы

Кийин Нарындагы мектепте иштеп жүргөндө, АКШдан келген ыктыярчы кыз менен 1 жыл иштештим. Ал мага абдан көп жардам берип, англис тилинин грамматикасын мыкты деңгээлде үйрөттү. Мектепке дагы демөөрчү болуп, материалдык жардам көрсөтүп кеткен», — деди.

Токмок жеп, жардам сураган пакистандык жана милиция кызматкерлеринен сунуш

«Мен үйүмдү пакистандыктарга батир катары берип, өзүм башка үйдө турам. Пакистандыктарга котормочу болуп иштейм деп ойлогон эмесмин. Мындан 3-4 жыл мурун менин үйүмдө жашаган пакистандык РИИБден жардам сурап, чалып калды. Ал милиция менен котормочусуз сүйлөшө албай жатыптыр. Көрсө, ал дос кызы менен сейилдеп келе жатса, жергиликтүү 4 бала кол салып, сабап салышкан экен. Мен которуп бүткөн соң, Кант шаарынын РИИБдин кызматкерлери «Бизге котормочу болуп иштеп бериңиз» деп калышты. Ошондон бери кошумча котормочу болуп иштеп калдым. Бир гана Кант шаарына эмес, Бишкектеги төрт РИИБге дагы котормочу болуп, барып иштеп кетем. Студенттерим бири-биринен угуп отуруп, улам бир көйгөй менен мага чала беришет. Мен кээде шартына карап, бекер эле жардам берип коем. Анткени булар да мусулмандар, булар үйүнөн алыс жүргөн мусапырлар.

Мен өз ишиме так иштеп, ашыкча акы албаганым үчүн абдан ыраазы экендерин дайым билдирип турушат. Үйүнө кетишсе белек салып ийип же белек менен келишет. Ал жактын дары-дармектери химия кошулбаган жакшы дарылар. Андан ала келишет. Кадимкидей бат сакайтат. Алар кыргыздын палоосун жакшы көрүшөт. Өздөрү ачуу тамактарды көп жешет. Бирок индиялыктардын тамактарына салыштырмалуу анча ачуу эмес. Кээде «Палоо жасап бериңизчи» деп суранып калышат», — деди.

Пакистандык студенттердин бул жакка келгенинин себеби

«Алар бул жакка окуп келгенинин себеби, аларда медицина тармагында окуунун акысы аябай кымбат. Бизде жылына 2-3 миң доллар төлөшсө, аларда 10 миң долларлап төлөп окушат. Бул жактан 5 жыл окуп, Индия, Пакистанга барганда кайра экзамен беришет. Анан ошол экзаменден өтсө иштешет, өтпөсө кайра-кайра экзаменге катыша беришет экен.

Мындан сырткары, медициналык кызматкерлердин айлыгы көп. Пакистанда биздин акча менен 80-90 миң сом төлөсө, Индияда 150 миңден өйдө төлөп беришет дешти. Элдин саны көп болгону үчүн дарыгерлер аларда жетишсиз дешет. Оор операцияларды жасап жаткандыктан, күчтүү дарыгерлер көп жана медициналык жабдыктары өнүккөн го деп ойлойм. Бирок биздин да кыргыз балдар окуп бүтүп, Индия, Пакистанда иштеп жүргөндөр бар», — деди ал.

Тили, эки улуттун айырмасы жана кыргыздарга болгон көз караш

«Биздин студенттерге караганда англис тилин жакшы билишет. «Эмне үчүн жергиликтүү эл англис тилин билишпейт?» деп сурашат. Бизде орус тили экинчи тил катары колдонулгандай, англис тили аларда экинчи тили экен. 1-12-класска чейин англис тилин терең окушат. Анан да бир кездерде Индия Англиянын карамагында болгону үчүн да болуш керек. Кээ бир Пакистандын алыскы аймактарынан келгендер бир аз англис тилин начар билишет экенин байкадым. Алар урду тилинде өз ара сүйлөшүп, котормочу аркылуу биз менен байланышат. Индиялыктардын тилин да жакшы билишет.

Пакистандыктар улут катары жакшы жактары көп. Улууларды аябай сыйлашат. Үйгө конок келсе тамак жасап беришет. «Эмне жейсиз?» деп турушат. Беш маал намаз окушат. Биздин тургундар баарын эле индиялыктар деп ойлой беришет. Сырткы келбеттери окшош болгону менен жашоо образдары эки башка.

Пакистандыктар бизге окшош эле мусулман. Мисалы, маршруткага түшкөндө улууларга дайым орун бошотуп беришет. Ал эми индиялыктар орун бошотпойт. Ушундан эле билсе болот. Албетте, «Жаман улут болбойт, жаман адам болот» деген сөз бар го. Арасында тентеги, начары деле кездешип калат. Анан кыздары дайым жоолук салынып, жамынып жүрүшөт. Өздөрүнүн улутунан кыз алып, кыз беришет. Кыргыз кызы менен үйлөнгөндөрүн көрө элекмин. Ата-энесинин сөзү булар үчүн мыйзам, бул кызды аласың десе, ошол кызды алат», — деди.

Жаз мезгилиндеги жаңжал

«2024-жылы майда пакистандыктар, индиялыктар менен жергиликтүү балдардын ортосунда катуу жаңжал болгонун баарыбыз эле укканбыз. Биздин бир тентек балдар студенттер жаткан жатаканага кирип барып, сабап, телефондорун тоноп, катуу жаңжал болду. Булар ошондо абдан коркуп калышты. Менин үйүмдө жашаган студенттер 3 күн үйдөн чыгышкан жок. Мен анда Бишкек шаарында жашап, Кантка барып келип иштеп жаткам. «Коркпогула, бизде мыйзам иштейт, милиция бар» деп айтып, кайрат бергем. Көрсө, курал-жарак колдонулуп, атышуу болуп кетеби деп, коркушуптур.

Мен аларды коштоп, банктан акчаларын алып берип, үйлөрүнө алып кетебиз деген базарлыктарын алышып бердим. Кээ бир балдар көчөдөн аларга ызырынып, өтүп жатышты. Мен аларды коштоп жүргөнүмдү көрүп, тийбей өтүп кетип жатышты. Бир жолу бир бала «Булардын жансакчысы укмуш го» деп, күлүп жатпайбы.

Кыргызстанды сагынабыз, кыргыз эли жакшы эл деп, мактап турушат. Жаңжалдан кийин мыйзам иштейт экен деп, биздин милицияга ишенип калышты. Милиция кызматкерлери дагы буларга жакшы мамиле кылышууда. Буга президентибиздин буйругу себеп болду деп ойлойм», — деди.

Саясат жана укук

«2018-жылдан бери президентибиздин саясатын колдоп келем. Парламенттик шайлоо болгондо Жогорку Кеңешке талапкерлигимди мугалимдер көрсөтүшкөн. Бирок өткөн жокмун.

Укук коргоочу дагы болуп иштеп жүрөм. Жакында эле пакистандык балдар бир өзбек балага унаасын ижарага беришиптир. Ал бала болсо унааны айдап туруп, ижарасын төлөбөй, бир унаа оңдоочу жайга таштап, ачкычын электр мамыга илип кетиптир. Анан мага чалышты. Азыр ошол балдардын иши менен чуркап жүрөм. Милицияга арыз жаздым. Унаасын бузуп токтотуп кетиптир, 25 миң сомго оңдотуш керек экен. Азыр бир тааныш балага «Мындай эле оңдоп берип тур, анан акчасын өндүргөндө беребиз» деп сүйлөшүп жатам. Ал бала макул болуп оңдоп баштады. Өзбек бала табылган, акчаны төлөп берем деп, бирок төлөбөй качып жүрөт», — деди ал.

Келечекте кыргыз тилин үйрөтөм

«Мектепте 37 жыл иштеп келдим. Эми мектепте иштеп жүрө бербей, чет элдик студенттерге, деги эле кыргыз тилин үйрөнөм дегендерге үйрөтсөмбү деп жүрөм. Бул багытта окуу жайлардан сырттан окуу бөлүмүндө окуп жатам. Пакистандык студенттер «Кыргыз тилин үйрөнөм» деп, аракет кылышууда. Көп эле сөздөрүбүз окшош. Мисалы, пияла, дасторкон, парда жана башка. Бат үйрөнүп кетет деп ойлойм. Азыр деле кызыккан студенттер үчүн үйдөн кыргыз тилин үйрөтүп калам.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️