Пример HTML-страницы

Turmush: Оштогу «Байкөл» мончосунун жарылышы: Себеби айтылды

TurmushБүгүн, 5-июнда Ош шаарынын Т.Кулатов кичи шаарчасында жайгашкан «Байкөл» мончосунун от казаны жарылып, анын кесепетинен өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ага суусу жок кезде от жагылып, жогорку ысыктыкта от казаны жарылган. Жарылуунун толкунунан коңшу жайгашкан айрым имараттардын айнектери да сынган. Маалымат түшкөн соң саат 14:06да 1 бөлүм тартылып, жалын саат 14:56да толук өчүрүлүп, ири өрт чыгууга жол берилген жок.

Ал эми жарылуудан мончодогу жарандар ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда жабыркагандардын баарынын ден соолугу туруктуу. Алар дарыгерлердин макулдугу менен үйлөрүнө чыгып кетишкен.

———————————————

Бүгүн, 5-июнда Ош шаарындагы«Байкөл» коомдук мончосунда жарылуу болгон. Turmush басылмасынын кабарчысы окуя болгон жерге барып, абалды жеринен көрүп келген.

Жарылуунун кесепетинен мончого жакын жайгашкан көп кабаттуу батирлердин терезелери талкаланып кеткен.

Жергиликтүү тургун Бектурсун Боронов окуя болгон учурда эмне болгонун түшүнбөй калганын айткан. Ал жарылууну укканда үйүнөн чуркап чыккан. Окуя болгон жерге 4 тез жардам унаасы келген.

Ал эми Ош шаардык ооруканасынан 6 адам ар түрдүү жаракаттар менен түшкөнүн билдиришкен. Алардын үчөө аял, үчөө эркек киши. 5 адам амбулатордук жардам алган соң үйлөрүнө чыгарылган. Бир адам кечиктирилгис жардам бөлүмүндө жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE