Turmush: Нарындагы ашканада аялын бычактаган адам: Кылмыш иш козголду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 31-августта Нарын шаарынын «Он-Арча» базарында аялын бычактаган адамдын иши боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, учурда жаракат алган аял С.А. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Абалы туруктуу. Анын 1982-жылы туулган күйөөсү М.Н. кармалып, камакка алынган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-7-пункту (бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Нарын шаарындагы базарда 41 жаштагы аялга бычак сайылганы кабарланган.

Пример HTML-страницы

Маалыматка караганда, 31-августта саат 11:00 чамасында милицияга шаардагы «Он-Арча» базарында аялды жолдошу бычак менен сайып салыптыр деген маалымат түшкөн. Ал жерге тергөө тобу барып, Нарын шаарынын тургуну 1982-жылы туулган тургуну М.Н. «Он-Арча» базарындагы ашканада ашпозчу болуп эмгектенген, 1983-жылы туулган жубайы С.А.ны ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн бычагы (маки) менен сайып салгандыгы аныкталган. Аялы Нарын облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Жолдошу М.Н. Нарын ШИИБи тарабынан кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️