Turmush: Кургак учукка каршы күрөшүү күнү: Тоңдо жөө жүрүшкө чыгышты

TurmushБүгүн, 24-мартта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата акция өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондук жалпы дарыгерлик практика борбору тарабынан «Кургак учук айыгат» аталышындагы акция жана жөө жүрүш уюштурулду. Кургак учук оорусун алдын алуу максатында өткөрүлгөн акция концерттик программалар менен коштолуп, спорттук оюндар ойнотулуп, активдүү катышкан жарандарга жана оюндардын жеңүүчүлөрүнө белектер ыйгарылды. Акциянын жүрүшүндө кургак учук тууралуу маалымат берилип, баракчалар таратылды.

Үстүбүздөгү жылдын 22-мартынан 22-апрелине чейин райондун аймагында кургак учук менен күрөшүү айлыгы жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️