Turmush: Кара-Көл шаарындагы колледж оңдолду

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Көл шаарындагы Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл колледжинин имараты оңдолду.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ачылыш аземге шаар жетекчилиги, колледждин профессордук-окутуучулар курамы, студенттери катышты.

Колледжди реконструкциялоо иши 2023-жылы башталган. Жатакана, компьютердик кабинет, жыйындар залы, электр станциялары, тармактары жана системалары адистиктери үчүн лабораториялык кабинеттер жабдуулар менен жабдылды.

Аталган колледждин окуу иштери боюнча директорунун орун басары Элмира Уметованын айтымында, окуу жайда электр менен камсыздоо (тармактар боюнча), электр станциялары, тармактары жана системалары, гидротехникалык курулуш, транспортто жүк ташууну уюштуруу жана башкаруу, башталгыч класстарды окутуу, экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча) адистиктери даярдалат.

Колледж 1981-жылы Россиянын Самара шаарындагы Бүткүл союздук Куйбышев энергокурулуш (Всесоюзный Куйбышевский энергостроительный техникум) техникумунун алдында негизделген.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️