Turmush: Актан менен Акылай куурчактарын чет өлкөлүк мекендештер көп алышат,

TurmushКаракол шаарында өткөн кышкы кол өнөрчүлөрдүн жармаңкесине Бишкек шаарынын тургуну Зульфия Хасанова катышты. Анын кыргыз куурчактарына караколдуктар абдан кызыгышты.

Кол өнөрчүнүн айтымында, ал оюнчуктарды 4 жылдан бери жасап келет.

«Окууну аяктагандан кийин 39 жыл бухгалтер болуп эмгектендим. Пенсияга чыккандан кийин оюнчуктарды жасоого кызыга баштадым. Башында өзүмө, неберелериме деп жасап баштадым. Анан улам бир жаңы каарманды жасагым келип, күндө жасай баштадым. Төрт жыл катары менен жасалгандыктан оюнчуктар топтолуп калды. Анан атайын жармаңкелерге катыша баштадым. Маданий иш-чараларга катышканда өзүмө энергия топтоп, өзгөчө сезимдерге туш болом. Ар бир кардарга оюнчуктарым тууралуу айтып берип, бетме-бет баарлашуудан ырахат алам. Бул баарлашуулар мага жаңы оюнчуктарды жасоого дем берет», — деди ал.

Зульфия оюнчуктарын драп жана пахтадан жасайт. Алардын жүзүн акрил боёктору менен боёп чыгат.

«Куурчактар бирине бири окшошпойт. Баары айырмаланып турушат. Негизи коёндор көп суроо- талапка ээ. Алар 600 сомго чейин сатылат», — деди ал.

Ошондой эле ал жасаган кыргыз бала менен кыздын куурчагы өзгөчө чет элде жүргөн мекендештер арасында суроо-талапка ээ.

Пример HTML-страницы

«Кыргыз мультфильминдеги каармандар — Актан менен Акылайдын куурчактары АКШ, Канада, Австралия, Европанын бир нече шаарларына сатылды. Бул жакта жашаган туугандары сатып алып, чет жердеги мекендештерге жөнөтүшөт. Өз жерибиздин маданиятынын кичинекей бөлүгү алар менен болушун каалашат экен. Алар белекти алганда туугандарына видео жиберип, алар мага жиберишет. Ошондой эле менин куурчактарым менен ойноп жаткан бөбөктөрдү көргөндө абдан кубанам», — дейт ал.

Куурчактардын баасы 300 сомдон башталып, 1000 сомго чейин сатылат. 61 жаштагы карманыбыз эмгектерин интернет түйүнү аркылуу сатууну өздөштүрүп жатканын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️