Пример HTML-страницы

Turmush: 3 эм кыздуу болгон милиционер менен журналист айым: Аларга белектер тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткендик келин 15-майда төрөгөн 3 эм кыздарга белектер тапшырылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Баткен районунун акимчилигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, аким Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Мисиралиевдер ымыркайлардан кабар алып, Ош шаардык төрөт үйүнө барышты. Алар ымыркайлар үчүн атайын кийим-кече, акчалай белек жана 3 коляска тапшырды.

Ымыркайлар кесарево жолу менен төрөлгөн. Кыздар 2 кг, 1 кг 780 грамм, 1 кг 720 грамм салмакта төрөлүштү. Учурда эне менен жана ымыркайлардын абалы жакшы.

3 эм кыздардын атасы Жаңыбай Урайым уулу Кадамжай райондук милициясынын Жаныкул Садиров атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү болуп эмгектенет. Ал милициянын кенже лейтенанты. Наристелердин апасы Айзирек Маликова 29 жашта. Кесиби боюнча журналист. Баткендеги телеканалардын биринде адис болуп иштейт.

————————————————————————

Буга чейин Turmush басылмасына Баткен районунун Бужум айылынын 29 жаштагы тургуну Жолболду кызы Айзирек 15-май күнү 3 эмди жарыкка алып келгенин кабарлаган.

Ал бул биринчи төрөтү экенин айткан.

«13-май күнү Ош облустук төрөт үйүнө келдик. 15-май күнү 3 кызды төрөдүм. Операция жолу менен төрөгөндүктөн, азырынча кыздарымды көрө элекмин. Аябай толкунданып турабыз. Биринчи жолу 2 жумалыгында УЗИге түшсөм эгиз деп айтышкан. 1 айдан кийин түшсөм 3 эм деп айтышты. Жолдошума чалып айтсам «ар түшкөндө кошо бересиңби?» деп күлгөн.

Жолдошумдун атасынын бир туугандарында эгиздер бар. Буга чейин Баткенде медициналык көзөмөлдө жүрдүк. Төрөткө жакын шишик болуп, патологияга жаткам», — деген ал.

————————————————————————————

  • Ушул жылдын 19-апрелинде Ош шаарында милициянын майору Мырзабек Тороев 3 эм уулдуу болгон. Ымыркайларга Амантай, Эртай, Эсентай деген ысымдар коюлган. 35 жаштагы жубайы балдарды операция жолу менен жарыкка алып келген. Ымыркайлар 1 кг 930 гр, 2 кг 660 гр, 2 кг 230 гр салмакта төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE