Пример HTML-страницы

Токтогул районунда сел жүрдү. Видео

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районунда сел жүрдү.

Тургундардын айтымында, 23-июнь күнү нөшөрлөгөн жаандан кийин тоодогу кокту-колоттордон сел суулары түшкөн.

Үч-Терек айылында сел жүргөн.

Жаратылыш кырсыгынын кесепеттери азырынча белгисиз.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Талас, Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын аймактарында нөшөрлүү жамгыр жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Төмөнкү аймактарда нөшөрлөгөн жамгыр жаамак:

— Баткен облусунун Кадамжай районунда

— Ош облусунун Чоң-Алай, Алай, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда

— Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон райондорунда

— Ысык-Көл облусунун Тоң, Жети-Өгүз райондорунда

— Чүй облусунун Жайыл районунда.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Тоң, Жети-Өгүз райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облусунун тоолуу аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы жана сел жүрүшү күтүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE