Токмоктогу суудан эркек кишинин жансыз денеси чыгарылды. Анын өздүгү такталып жатат

TurmushТокмок шаарында эркек кишинин денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 15-март күнү Чүй облусунун Токмок шаарындагы Зеленая менен Космодемьянская көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда белгисиз жарандын жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Токмок шаардык №21 ӨКБдан 5 куткаруучу барып, болжол менен 50-55 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Куткаруучулар денени суудан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Учурда анын өздүгү такталып жатат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️