Пример HTML-страницы

Токмок шаарында 4 окуучуга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТокмок шаарында 4 окуучуга акчалай сыйлык берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 25-майда Токмок шаарынын мектептеринде акыркы коңгуроо иш-чарасы өттү. Быйыл шаарда 756 окуучу 11-классты аяктап жатат.

Ал эми №1 мектеп-гимназиясында 102 окуучу 11-классты аяктап жатат. Алардын ичинен Никита Михайлов менен Эсентур Асанкуловдун «алтын тамга» артычылык аттестатынын ээси болгон.

№1 мектеп-гимназиясындагы салтанаттуу аземге Токмок шаарынын башчысы Максат Нусувалиев катышты.

Калаа башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аякташы менен куттуктап, аларга каалоо-тилектерин айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE