Пример HTML-страницы

Тез-тез орун которуп, интернет аркылуу кардар чакырып жүрүшкөн. Оштогу конок үйүнөн 3 кыз кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан сойкулук менен алектенип жүргөн кыздардын тобу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери тарабынан алдын ала алынган ыкчам маалымат боюнча, алар Ош шаарынын аймагында кардарларды интернет байланышы аркылуу чакырып, сойкулук жасоо менен жан багып жүргөн.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө аныкталгандай, алар укук коргоо органдарына кармалып калуудан чочулап, тез-тез орун которуп жашап жүрүшкөн. Акыкы күндөрү кардарларды Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсүндөгү даректе жана Токтогул багында жайгашкан конок үйлөрүндө кабыл алып жүргөнү аныкталган. Аталган конок үйлөрүнөн 20-30 жаштардагы 3 аял киши милиция бөлүмүнө жеткирилип, тергөө кызматына камсыз болду.

Ош ШИИБ тараткан сүрөттөрдүн арасынан «Изюм» конок үйүн көрүүгө болот.

Turmush 2022-жылдын октябрь айында Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен текшерүүдө Ош шаарындагы Токтогул эс алуу паркынын аянтына Н.Т. аттуу жаран Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган жер аянтына 3 кабаттуу «Изюм» конок үйүн мыйзамсыз түрдө куруп алгандыгы аныкталганын жазган.

Ал эми мурдагы Мамэкотехинспекциясынын регионалдык башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери жеке пайда табуу максатын көздөп, парктын ичине капиталдык курулуш мыйзамсыз жүргүзүлгөндүгүн билип туруп, конок үйүн пайдалануу үчүн кабыл алышкан. Бул факты боюнча «Изюм» конок үйүнүн ээси Н.Т. жана мурдагы Мамэкотехинспекциясынын жооптуу кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

«Изюм» конок үйү «ИZЮМ» кафе-барынын жанында жайгашкан. Бул жай социалдык тармактарда ресторан катары позицияланат. Жетекчиси — Досбаева Улфат Жоробаевна.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Улфат Досбаева — «Изюм групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси. ЖЧКнын негизги ишмердүүлүгү: билим берүү тармагындагы көмөкчү ишмердүүлүк. Компания 2018-жылы 19-сентябрда кайра каттоодон өткөн.

———————————————————

Буга чейин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын 1-декабрынан тарта Кыргызстанда бир дагы сойкукана болбошу керектигин билдирген.

«Силерге, урматтуу аткаруучулар, убакыт берем. 2023-жылдын 1-декабрынан баштап өлкөбүздүн аймагында бир дагы сойкукана, интимдик кызмат көрсөтүүчү үйлөр жана сауна болбошу керек. Бул үчүн акимдер, шаар мэрлери, губернаторлор, жергиликтүү милиция бөлүмдөрүнүн жетекчилери жооп берет», — деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE