Таластын Шумкар-Уя айыл аймагында 25 чакырым жолдун жээги жарыктандырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районундагы Шумкар-Уя айыл өкмөтүндө 25 чакырым жолдун жээги жарыктандырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Бакыт Кыдыралиев билдирди.

«Эгемендиктин 33 жылдыгына карата Талды-Булактан Кара-Ой айылына чейинки 25 чакырым караңгы жол жарыктандырылды. Ал үчүн жергиликтүү бюджеттен 15 млн сомдон ашык каражат бөлүндү.

Бул иш элеттеги автоунаа менен мал-жандыктары катышкан жол кырсыктарын азайтууга багытталды. Эми Суусамыр–Талас–Тараз жолунун Шумкар-Уя айыл аймагына тиешелүү арылыгы толук жарык болуп калды», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️