Пример HTML-страницы

Таласта мас абалдагы 33 айдоочу кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас облусунда 1 аптада мас абалдагы 33 айдоочу кармалды. Бул тууралуу Талас облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 13-июндан 20-июнга чейин облустун аймагында «Бахус» рейди өткөрүлгөн. Рейд учурунда жалпы 614 протокол түзүлгөн.

— мас абалында башкаруу – 22 факты;

— ылдамдыкты жогорулатуу –190 факты;

— жол чыракка баш ийбөө – 7 факты;

— жол белгилерине, жол чийимдерине баш ийбөө –128 факты;

— техникалык жактан оң абалда эмес унаа башкарып жүрүү — 14 факты;

— карама-каршы тилкеге чыгуу – 5 факты;

— унааны каттоо күбөлүгү убактылуу жокко чыгарылгандар – 5 факты;

— унаанын терезелерин уруксаты жок караңгылатып алуу — 2 факты;

— калган укук бузуулар боюнча — 241 факты;

Айып короого 54 унаа токтотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE