Таласта күрөш боюнча чемпионатта алгачкы жеңүүчүлөр аныкталды

TurmushТалас шаарында грек-рим күрөшү боюнча өтүп жаткан Кыргызстандын чемпионатында 5 салмактагы жеңүүчү балбандар аныкталды. Бул тууралуу Талас шаардык спорт мектебинин директору Таалай Бектурганов билдирди.

«23-24-март күндөрү греко-рим боюнча чемпионат өтүп жатат. Анда 10 салмак категориясында балбандар күч сынашат. Биринчи күн жыйынтыкталды. Анда 5 салмак категориясында балбандар беттешип, жеңүүчүлөр аныкталды», — деди ал.

1-орунду алгандар:

— 55 кг салмакта – 2004-жылы туулган Курманбек Жапаров;

— 63 кг салмакта – 2004-жылы туулган Раззак Бейшекеев;

— 72 кг салмакта – 2004-жылы туулган Марс уулу Эрлан;

Пример HTML-страницы

— 82 кг салмакта – 2004-жылы туулган Асан Жанышов;

— 97 кг салмакта – 2002-жылы туулган Раймалы уулу Нурманбет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️