Таласта Апрель элдик революциясынын 12 жылдыгына карата концерт өттү

TurmushБүгүн, 6-апрель күнү 7-апрель — Апрель элдик революциясынын 12 жылдыгына карата Талас шаарында концерт уюштурулду.

Маалым болгондой, иш-чара Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинин жыйындар залында өттү. Анда Капар Медетбеков атындагы Талас облустук драма театрынын актёрлору, ырчылары тарабынан театрлаштырылган концерт коюлду.

Ошондой эле Талас облусунун бардык райондорунан 7-апрелге карата сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү алынып келип, көргөзмө уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️