Пример HTML-страницы

Таласта 3 күндө 85 айдоочуга айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун аймагында «Техникалык абал» рейди өтүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, рейддик иш-чара 8-июнда башталган. Рейд учурунда мал базарга келген унаалардын техникалык абалы текшерилип, тиешелүү талаптарга жооп бербеген унаанын айдоочуларына протоколдор түзүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө чейин техникалык абалы талапка жооп бербеген 85 автоунаа аныкталып, айдоочуларга Укук бузуулар кодексинин 182-беренесинин 1-бөлүгү (эксплуатациялоого тыюу салынган, техникалык бузуктары бар транспорт каражаттарын башкаруу) менен 5500 сомдон айып пул салынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE