Түптүн Михайловка айылында жаштардын демилгеси менен спорт аянтча курулууда

Акыркы жанылыктар

TurmushТүп районунун Ысык-Көл айыл аймагына караштуу Михайловка айылында спорттун волейбол түрү боюнча атайын аянт курулууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, курулуш иштерине чет элдик мекендештер, жашоочулар жана айыл өкмөтүнөн жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы 1 миллион сомдон ашык акча каражаты сарпталган. Учурда узундугу 25 метрди, туурасы 13 метрди түзгөн аянттын тегереги курчалып, жумуштун 80 пайызы аяктады.

«Михайловка айылында бул учурга чейин волейбол ойной турган аянт жок болчу. Мындан улам айыл жаштары демилге көтөрдү. Жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом бөлүп бердик, ал эми чет элдик мигранттар жана башка демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы 1 миллион сомдон ашык акча каражатка курулуш жүрүп жатат. Бул да болсо, жаштардын келечегине жана сергек жашоосуна шарт түзүлүп жатат», — дейт айыл өкмөт башчысы Урмат Бозгунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️