Пример HTML-страницы

Сокулукта эс алууга барган эки бүтүрүүчү каза тапты. Өлүмдүн чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылында жаңы курулуп жаткан суу сактагычка 11-классты аяктап жаткан эки окуучу чөгүп каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, окуя 2024-жылдын 6-июнунда болгон. Сууга чөккөндөрдүн бири кыз, экинчиси эркек бала.

«Айылга жаңы ГЭС, суу сактагыч дагы курулуп жаткан. Бул окуяга чейин «Суу сактагычка түшүүгө болбойт» деген кулактандыруулар илинген эмес. Азыр деле балдар түшүп жатышат. Ата-энелер балдарына сак болушса», — деди алар.

Ал эми Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, 2024-жылдын 6-июнь күнү Сокулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагына караштуу Бөрүлүү участогунда жайгашкан жаңы курулуп жаткан суу сактагычта жашы жете элек өспүрүмдөр сууга чөгүп кеткендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Бул факт Сокулук РИИБге катталып, сотко чейинки алдын ала териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.

Алдын ала териштирүү учурунда аталган айыл аймактын Төш-Булак айылындагы Бөрүлүү участогунда жаңы суу сактагыч курулуп жатканы аныкталган. Төш-Булак айылындагы Э.Кулданов атындагы орто мектептин 11-класстын бүтүрүүчүлөрү эс алууга барышып, 2006-жылы туулган Ө.Э. жана А.А. аттуу өспүрүмдөр сууга чөгүп каза болушкан.

Өспүрүмдөрдүн жансыз денеси ӨКМдин кызматкерлери тарабынан суудан чыгарылып, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Учурда бул факт боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE