Пример HTML-страницы

Шумкар-Уя айыл аймагында 265 энеге сый көрсөтүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 30-майда Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагындагы энелерге майрамдык кече уюштурулду. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, демилгени айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөт башчысы биргеликте ишке ашырды. Иш-чарага айыл аймактан 265 эне чакырылды. Баарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен белектер тапшырылып, сый тамак берилди.

Шумкар-Уя айыл аймагында 134 «Баатыр эне» ордени жана 70 «Эне даңкы» медалынын ээлери бар. Салтанатка көп балалуу энелерден тышкары айыл аймактын өнүгүүсүнө салым кошуп келе жаткан айымдар да чакырылып, сый көрсөтүлдү.

2024-жылы январь айында административдик-аймактык реформанын алкагында Бекмолдо жана Осмонкулов айыл аймактары бириктирилип, Сасык-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Шумкар-Уя айыл аймагы түзүлгөн.

Шумкар-Уя айыл өкмөтү — Талас районундагы дотациядан чыккан айыл өкмөттөрдүн бири. Айыл аймакта Жер-Үй алтын кени жайгашкан. Айыл өкмөттүн 1 жылдык бюджети 230 млн сом.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE