Сүрөт — Кара-Бүргөн менен Ак-Чийдин дыйкандары кол күчү менен канал тазалап жатышат

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунда жазгы талаа жумуштарына даярдыктар көрүлүп, ирригациялык каналдарды тазалоо иштери кызуу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Бүгүн, 6-апрелде Кара-Бүргөн жана Ак-Чий айылдарынын дыйкандары Жаман-Даван дайрасынан сугат суусу агып келе турчу Эски-Чегиртке каналынын бери дегенде 5 чакырымдан ашык тилкесин кол күчү менен тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Аталган канал аркылуу 2 миң гектар жер сугат суусу менен камсыздалат.

Район акими Жумадилла Жапаров ирригациялык каналдарды тазалоо иштерине акча каражат бөлүнүп берилгендигин айтты.

«Дыйкандарды сугат суусу менен камсыздоо максатында ири ирригациялык каналдарды тазалоо иштерин дыйкандарды мобилизациялоо аркылуу жүргүзүп жатабыз. Жалпы район боюнча техника бара албаган 184 чакырым узундуктагы каналдар кол күчү менен тазаланып жатат. Мындан тышкары, техникалардын күчү менен тазалана турчу 100 чакырымдан ашык каналдарды тазалоо үчүн фонд түзүп, фонддун эсебинен техникалардын күйүүчү майы үчүн айыл өкмөттөргө акча каражатын бөлүп берүүдөбүз. Каналдарды тазалоо иштери аяктаса, 4-5 күндүн ичинде суу берилип баштайт», — деди аким.

Каналдарды тазалоо иштеринин жүрүшү менен аким Жумадилла Жапаров, акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров жана райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы Байыш Акматов таанышып, дыйкандар менен жолугушуп жатышат.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️