Пример HTML-страницы

Сүлүктү шаарында жана Лейлектин айылдарында 15 миңге жакын жашоочу сапаты күмөндүү суу ичишет. Прокурор текшерүүнүн жыйынтыгын айтты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСүлүктү шаарынын жана Лейлек районунун айрым айылдарында 15 миңден ашык жаранга берилген таза суунун сапаты бир да жолу текшерилген эмес.

Сүлүктү шаарынын прокурору Нурдан Омуралиевдин айтымында, ичүүчү сууда хлор калдыктары жок.

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы «Сүлүктү-Таза суу канал» муниципалдык ишканасы текшерилип, анын натыйжасында мыйзам бузуулар аныкталган.

Сүлүктү шаары республиканын борборунан 1150 чакырым алыстыкта жайгашып, калкынын саны 24238 адамды түзөт.

Сүлүктү шаарынын мэриясы тарабынан калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында 15.03.2012-жылы мэриянын алдында «Сүлүктү таза суу канал» муниципалдык ишканасы түзүлүп, анын штаттык бирдиги 55ти түзгөн.

«Сүлүктү таза суу канал» муниципалдык ишканасы Сүлүктү шаарынан 13440 жашоочуну, Лейлек районунун Кара-Булак айылынан 637 жашоочуну, Кара-Таш, Калта-Кол, Самат, Ак-Босого айылдарынан 1155 жашоочуну ичүүчү таза суу менен камсыз кылат.

Сүлүктү шаардык кеңешинин 21.01.2021-жылдагы №139 сандуу токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын тургундарынын ичүүчү таза сууга төлөмдөрүнүн тарифине ылайык, 1 метр куб үчүн таза суунун наркы элге 8,31 сом, бюджеттик мекеме-ишканалар үчүн 37,0 сом, өндүрүштүк ишканалар үчүн 48,7 сомдон алынат.

«Ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын «Ичүүчү суунун коопсуздугу жөнүндө» Техникалык Регламенти» жана «Ичүүчү суу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып, суу бөлүштүрүүчү тармактарындагы суунун гигиеналык коопсуздук ченемдерин сактоо менен ичүүчү суудагы булгандыруучу заттардан адамдардын жашоосун жана ден соолугун коргоого багытталган иш-мерчемдерин жүргүзүү менен керектөөчүнүн өмүрү жана ден соолугу, курчаган чөйрө үчүн товардын (иштин, кызматтын) коопсуздугун камсыз кылууга тийиш болгон талаптар, ошондой эле керектөөчүнүн мүлкүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу милдеттүү болуп саналат.

Бирок буга карабастан, муниципалдык ишкана тарабынан лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча калкка берилген суу хлордолгон эмес. Ичүүчү сууда хлор калдыктары жок. Ошондой эле ишканада калкка берилүүчү ичүүчү суунун сапатын аныктоо үчүн санитардык-бактериологиялык жана санитардык-гигиеналык лаборатория болбогондуктан кандай сапаттагы ичүүчү суу берилип жаткандыгы ишкана тарабынан бир дагы жолу текшерилген эмес.

Көрсөтүлгөн талаптар Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы «Сүлүктү-Таза суу канал” муниципалдык ишканасы тарабынан сакталган эмес. Калкты чарбалык, ичүүчү суу менен камсыз кылууда жабдуулар санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербей, калкка сапаты күмөн санаткан суу берилип келүүдө», — деп билдирди Сүлүктү шаарынын прокурору Нурдан Өмүралиев.

Сүлүктү шаарын «Борбор Азиянын кочегары» деп аташкан. Шаарда көмүр казуу иштерине дээрлик 150 жылдан ашты. Союз учурунда Сүлүктү көмүрү калориялуулугу боюнча СССРде эң мыкты деп эсептелген.

Сүлүктү кенинин казылып алынган көмүрүнүн жалпы баланстык запасы 188628 миң тоннаны түзөт, анын ичинен категориялар боюнча (миң т): А-38338, В-38821, С1 — 106064, С2 -5406.

Сүлүктү шаарынын бюджетинин 60 пайызын көмүр кендеринен түшкөн киреше толуктайт. Жылына 300 миң тонна көмүр өндүрүлгөн шаарда 42 көмүр шахтасы жайгашкан. Анда 2000ден ашуун жергиликтүү тургундар эмгектенишет. Алардын 99,9 пайызы эркектер. Жергиликтүүлөр жазында көмүр казып, кышкысын сатып, ишкерлик кылышат. Көмүрдүн түрлөрүнө жараша 4,5 миң сомдон 6,5 миң сомго чейин (1 тоннасы) сатылат. Өзбекстан Республикасына экспорттолот.

Сүлүктү шаарынын жалпы аянты 1733 га. Шаарда гуманитардык-экономикалык институт, педагогикалык колледж, кесиптик лицей, 9 орто мектеп, 1 мектеп-интернат, балдар музыкалык мектеби, өспүрүмдөр спорт мектеби, карылар жана майыптар үйү, 8 бала бакчасы, маданият сарайы, 3 китепкана, балдардын эс алуу лагери, шаардык эс алуу багы, 2 оорукана, 3 ФАП жана башка социалдык имараттар бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE