Пример HTML-страницы

Руслан Маматов Жогорку Кеңештин депутаттыгына болгон жарышта четтеди

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush№9 Кара-Суу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган Маматов Руслан Номанович талапкерлигин алды. Бул маалыматты Turmush басылмасына БШКнын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, ал өз арызы менен талапкер болуудан баш тарткан.

Кара-Суу округундагы парламент депутаттыгына талапкерлердин тизмеси бул шилтемеде.

Руслан Маматов 1987-жылы 24-апрелде туулган. 2021-жылы Ош мамлекеттик педагогикалык университетин дене тарбия адисти боюнча аяктаган.

Маматов 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин, тактап айтканда 6-октябрда өзүн Кара-Суу районунун акими деп жарыялаган. Бирок ал учурда кадрдык расмий чечимдер кабыл алынган эмес.

Кийинчерээк премьер-министрдин 2020-жылдын 16-октябрдагы буйругу менен Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов кызматтан бошотулганы маалымдалган.

Руслан Маматов 5 жыл Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин депутаты болуп, ишкерлик менен алектенген. 2021-жылдын июнь айында Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган. Ал учурда айыл өкмөт башчыны жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлачу. Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин айыл өкмөт башчыларды район акимдери дайындап жатат.

————————————————————

Turmush административдик-аймактык реформанын алкагында Кашкар-Кыштак, Ак-Таш айыл аймактары биригип, Ала-Тоо айыл аймагы түзүлгөнүн жазган.

Бул айыл аймак Кара-Суу районундагы калк көп жашаган аймак болуп саналат. Тактап айтканда 48 миң 98 адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE