Ракета менен көк бөрүгө түшкөн Назым мыкты улакчы аталды

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Суу айылынын тургуну Назым Азат уулу 15 жашынан бери көк бөрү ойнойт. Ал өжөрдүгү менен бул оюнду үйрөнүп, ийгиликтерге жетип жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.

Назым Азат уулу учурда 22 жашта. Айылдык жана облустук көк бөрү командаларынын курамында ойнойт.

«Кичинекей кезимден атка жакын болуп, көк бөрү оюнуна кызыкчумун. Тайкем улакчы, ээрчип алып, оюн көргөнү барат элем. Үйгө келген соң алардын кыймылын кайталап, мен да алар өңдүү көк бөрү оюнуна түшкүм келчү. Кичинекейсиң деп кошпой жүрүштү. 8-класс болгондо биринчи орунга чыгып, аябай кубангам. Жолголот айылынан түзүлгөн «Абай» командасында ойноп келем», — деди ал.

Назим көк бөрүгө Аякс, Ракета жана Туман аттуу аргымактарды минет. Жаш улакчынын айтымында, ат менен улакчы бирдей аракеттенсе гана ийгилик жаратат.

«Ар бир аттын өзгөчөлүгү жана көк бөрүдө өзүнүн орду бар. Мисалы, Аякс жекеме-жекеге чыкканда улакты алдырбайт. Ал эми Ракета менен Туман күлүк болуп, казанга тайманбай барат. Негизинен оюнда жеңишке жетүү үчүн командада ынтымак болушу керек. Эгер утулуп бара жатсак, тактиканы өзгөртүп, позициябызды алмаштырабыз», — деди ал.

Жаш улакчы ийгиликтери жана максаты тууралуу да айтып өттү.

Пример HTML-страницы

«Мен үчүн 2021-жыл жемиштүү жыл болду. «Ак-Суу районунун мыкты улакчысы» наамын алдым. Ошондой эле облустук мелдеште бир нече жолу улакты казанга салып, упай топтогонум үчүн 2021-жылы Ысык-Көл облусунун «Кабылан» командасына чакырышты. Учурда Ракета экөөбүз облустук команданын чабуулчусубуз. Келечекте республикалык мелдештерге катышып, облустун эле эмес, республиканын атын чыгарсам деп кыялданам. Учурда ветеринардык дарыгер болуу үчүн 1-курста окуп жатам. Кесибим аркылуу малды туура багып, дарылоону үйрөнүү менен көп ийгиликтерге жетем деген оюм бар», — деди ал.

Көк бөрүчү 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️