📝Өзүнө хидаят суроонун дубасы:
«Роббана аатинаа милладунка рохматан, ва хаййи ланаа мин амринаа рошадаа». (Кахф 10)
Бул дубаны кайсы бир иште эки ойлуу болуп, туура чечим чыгара албай жаткан учурда окку пайдалуу.
📝Оорудан айыгуу үчүн окулуучу дуба:
«Анни массаниййаз зурру ва анта архамур Роохимиин». (Анбия 83)
Бул дубаны ооруп жаткан адам көп-көп окуу керек
📝Чучкургондо:
«Алхамдулиллах»
Азирети Али (р.а) дан бир риваятта келген:
«Ким чучкургондо: Алхамдулиллахи роббил ъааламиина ъалла кулли хаал»- деп айтса, эч качан анын тиши жана кулагы оорубайт». (Мазоохирул хак)
📝Журоктун тынчтыгы жана иштин женилдиги учун:
«Роббиш рохлии содрии, ва йассирлии амрии». (Тоха 24-25)
Окуучу сабагын тушуно албай жатса окулат.
А эгерде ким баян кыла турган, сабак бере турган болсо, жогорудагы дуба менен бул дубаны бирге окусун:
«Вахлул ъукдатам мил лисаании йафкохуу коулии». (Тоха 27-28)
📝Шайтандын азгырыгынан сактануу учун окулуучу дуба:
«Робби аъуузу бика мин хамазаа-тиш шайаатиин. Ва аъуузу бика робби ай-йахзуруун». (Алму’минуун 97).