Пример HTML-страницы

Өзгөндө мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга белек берилип, сый тамак уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 1-декабрда Эл аралык майыптар күнүнө карата Ош облусунун Өзгөн районунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Бул иш-чара Ош облусунун аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо көрсөтүү үчүн «Биз биргебиз» деген аталышта 15-ноябрдан 15-декабрга чейин жарыяланган бир айлыктын алкагында уюштурулду.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Облус башчысы өз сөзүндө облуста 39 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандын жашоо шартын жакшыртуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, мындай демилгелер коомдун ар бир мүчөсүнө кам көрүү максатында жасалып жатканын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы тарабынан белектер берилип, ар кандай оюн-зоок иш-чаралары уюштурулуп, конокторго сый тамак жана концерт тартууланды.

Бул иш-чара облустун бардык аймактарында 15-декабрга чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE