Өзгөндө 6 жыл мурун курулган өтмөктүн тагдыры чечиле элек. Материалдар УКМКга өткөрүлүп берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Өзгөн шаарындагы Манас көчөсүндө курулган жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулуш талаптары сакталбагандыктан 6 жылдан бери кабыл алынбай келет.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, өтмөктөн өтүү ыңгайсыз болгондуктан жашоочулар өтмөктүн алдындагы жол менен каттайт. Учурда эч ким пайдаланбагандыктан сыры өчүп, дат басып кетти.

Аталган жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн долбоору 2017-жылы иштелип, жалпы сметалык баасы 8,5 млн сомду түзгөн.

Ал эми Өзгөн шаардык муниципалдык менчиктеги мүлктү башкаруу департаментинин башчысы Манас Койчукулов Turmush басылмасына берген комментарийинде өтмөк боюнча материалдарды УКМК карап жатканын билдирди.

«Өтмөктү тендерден уткан «Ийгиликке-Акжол» ЖЧКсы куруп берген. Өтмөк курулуш стандарттарга ылайык келбей, тепкичтери бийик болуп калган. Мындан улам кайра оңдолуп-түзөлсүн деген чечим чыккан. Буга карабастан бул иш сотко өткөрүлүп, сметалык баасынан 600 миң сомдун тегерегиндеги курулуш иштери чыкпай калып, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Учурда ал өтмөктү эч ким кабыл албай жатат», — деди Койчукулов.

Пример HTML-страницы

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка караганда, «Ийгиликке-Акжол» жоопкерчилиги чектелген коомунун түзүүчүсү жана жетекчиси — Утуров Бокамбай Жанышбекович. Компания 2010-жылы 16-мартта каттоодон өткөн. Негизи ишмердүүлүгү: жарандык курулуштарды куруу.

——————————————————

Turmush 2018-жылдын ноябрь айында Өзгөн шаарындагы борбордук базардын жанында курулган жер үстүндөгү өтмөк даяр болгону менен пайдаланууга бериле элек экенин жазган.

Жергиликтүү тургундар өтмөк туура эмес курулганын, анткени базардан жүгү менен чыккан адамдар жер үстүндөгү өтмөктөн өтпөй эле жолду кесип өтүп жатышканын айткан. Айрымдар анын ордуна жер алдынан өтүүчү өтмөк курулса максаттуу болмок деген пикирин билдирген.

Ал эми ошол учурдагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рахманжан Атаджанов жер үстүнөн өтүүчү өтмөктүн курулушунда кемчиликтер бар экенин айткан. 2017-жылы долбоору даярдалган. Сметалык баасы 8,5 млн сом болуп, тендерден уткан компания 3 млн 200 миң сом сунуштаган. 2017-жылы октябрь айында курулуш башталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️