Ошто теңтуш балдардын видеосу тарагандан кийин милиция аларды кармады

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Ы.Монуев көчөсүндө жол талашып урушуп кеткен балдардын видеосу социалдык тармактарга тарады.

Анда «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унааны бир топ балдар курчап алганын, унаанын айдоочусу айланасындагы унааларды сүзүп, качып кеткенин көрүүгө болот.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө эки тарап тең Ак-Буура милиция бөлүмүнө алып келинип, арыз кабыл алынган.

«»Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Ош шаарында пластик айнектерди коюп иштейт окшойт. Бир жерге айнек коюп келе жатканда жолдо унаа башкарып келе жаткан башка айдоочулар менен жол талашып, айтышып кетишкен. Эки тарап тең Ак-Буура милиция бөлүмүнө алып келинди. Учурда аталган бөлүмдүн тергөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Тараптар айыпты бири-бирине коюп жатышат. Жолдо айтышып кетип, кара түстөгү унаадагы балдар «Хендай Портердин» айдоочусун кубалап келген. «Хендай Портер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу “биздин жолду тосуп алып, жаңжал кылды” дейт, берки тарап да өзүнүн чындыгын айтып жатат. Окуя 31-августка караган түнү Ош—Сары-Таш—Эркечтам унаа жолунун 51-чакырымында башталып, Ошко киргенде дагы уланган. Эки тарап тең 2000-жылы туулган балдар», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️