Пример HTML-страницы

Ошто милиция кызматкерлери арасында волейбол мелдеши өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин урматына облус боюнча райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн арасында волейбол оюну боюнча спорттук иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мелдеште жалпы 8 команда ат салышты.

Спорттук оюнга Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакын туугандары катышты.

Иш-чаранын максаты — кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскерүү, кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын даңазалоо, өздүк курамдын арасында ынтымакты бекемдөө жана кызматкерлердин физикалык даярдыгын чыңдоо.

Спорттук иш-чарада кызматкерлер өздөрүн жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүшүп, жыйынтыгында 1-орунга Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн курама командасы, 2-орунга Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн курама командасы, 3-орунга Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн курама командасы ээ болушту.

Иш-чаранын соңунда кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин урматына Куран окулуп, жакын туугандары иш-чараны уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришип, каалоо-тилектерин айтышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө башкармалыктын жетекчилиги тарабынан кубок, медаль жана кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE