Пример HTML-страницы

ОшМПУда алдыңкы студенттер төш белги менен сыйланды. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-майда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде мыкты окуган студенттер үчүн «Окуунун мыктысы» аталышында форум өткөрүлдү.

Иш-чарага университеттин ректору Бекмурза Зулуев, факультет декандары, окутуучулар жана 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгына ылайык окуу процессине активдүү катышуу менен стипендияга жетишкен студенттер катышты.

Саамалык алгач Кыргыз Республикасынын гимни менен башталып, андан соң окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев окуу жайдын өнүгүүсүндөгү студенттердин салымы, алардын орду, алдыдагы ишке ашыруучу пландар тууралуу айтып, форумга катышып жаткан студенттер университеттин жүзү экендигин баса белгилөө менен кызуу куттуктады.

Андан соң форумдун спикерлери Кулпунай Мамасалиева, Айгүл Исамидинова жана Чолпонбек Самат уулу окуу жайды коомчулукка таанытуудагы социалдык тармактардын орду, билим алуудагы артыкчылыктар, мобилдүүлүк программасы жана билим менен бизнести айкалыштыра алып кетүү багытында тиешелүү маалыматтарды, сунуштарды айтышты. Муну менен бирге форум жандуу аудитория жана жагымдуу чыгармалар менен коштолду.

Соңунда студенттерди сыйлоо аземи уюштурулуп, окуунун мыктысы аталган студенттерге атайын төш белги, ОшМПУнун ардак грамотасы жана баалуу белектер тапшырылды. Ошондой эле ар бир факультеттин жетекчилерине окуу жайдын логотиби түшүрүлгөн символикалык белектер ыйгарылды.

Форумдун расмий бөлүгү жыйынтыкталган соң катышуучулар үчүн атайын фотосессия уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE