ОшМПУ Казань мамлекеттик агрардык университети менен кызматташтык келишимин түздү

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик педагогикалык университети Казань мамлекеттик агрардык университети менен кызматташтык келишимин түздү.

Бүгүн, 17-сентябрда университеттин ректору Бекмурза Зулуев Россия Федерациясынын Татарстан Республикасына караштуу Казань мамлекеттик агрардык университетинин өкүлдөрүн кабыл алды. Жолугушууга Казань мамлекеттик агрардык университетинин ректору Валиев Айрат Расимович, Казан МАУнун Агробиотехнологиялар жана жерге жайгаштыруу институтунун директору Сергеантов Игорь Михайлович, Казан МАУнун профессору Мусин Харис Гайнутдинович жана Токой чарба жана экология факультетинин профсоюздук бюросунун төрагасы Хуснутдинов Илнур Илдусович катышты.

Бул жолугушууда биргелешкен билим берүү, илимий изилдөө жана маданий иш-чараларды түзүүгө, өнүктүрүүгө жана бекемдөө боюнча өз ара кызыкчылыктын негизинде эки окуу жайдын ортосунда келишим түзүлүп, кол коюлду. Эми ОшМПУ жана Казань мамлекеттик агрардык университети билим берүү чөйрөсүндө бирге кызматташууга жаңы жол салышты.

Аталган келишимдин алкагында алдыда билим берүү тармагында студенттердин академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификация жогорулатуу багытында курстарды уюштуруу жана биргелешкен билим берүү программаларын түзүү пландары ишке ашат.

Бул менен бирге илимий багытта биргелешкен изилдөө программаларын иштеп чыгуу, илимий-педагогикалык кызматкерлердин улуттук долбоорлорго катышуусу, эл аралык конференция, симпозиум, форумдарга катышуу, илимий макала, журнал, монографияларды тараптардын басылмаларында биргелешип чыгаруу пландары коюлду.

Пример HTML-страницы

Ошондой эле маданий багытта да биргелешкен спорттук жана түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүү маселелери каралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️