Пример HTML-страницы

Ош облусунун аймагындагы базарларды иретке келтирүү тапшырылды

Акыркы жанылыктар

TurmushПрезиденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында райондук мамлекеттик администрация башчылары — акимдер, облустук жарандык коргонуу кызматтарынын мүчөлөрүнүн катышуусунда атайын жыйын өттү.

Күн тартибинде Ош облусунун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана өзгөчө кырдаалдарга дайыма даярдыкта туруу, Ош облусунун аймагында жалпы соода базарларын иретке келтирүү маселелери каралды.

Жыйындын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Замирбек Эрмаматов, Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев, Суу чарба башкармалыгынын башчысы Руслан Абибиллаев, «Ош электр тармактары» ишканасынын директору Эмил Ысманов баяндама жасады. Облустун аймагында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана облустун аймагындагы жылда кар эригенде пайда боло турган кырдаалдарды алдын алып, болтурбоо, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тийиштүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерине бул багытта да бирдиктүү иш-чараларды алып барууга сунуштарына өзгөчө көңүл буруу сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев жыйындын катышуучуларына протоколдук тапшырмаларды берди.

Алар:

— жазында кар ээригенде пайда боло турган кырдаалдардын алдын алуу жана арык, каналдарды тазалоо;

— суу каптоо коркунучу бар аймактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу чараларын көрүү;

— кар көп түшкөн аймактарда кар көчкү коркунучу бар жерлерди аныктоо жана алдын алуу, ошондой эле жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

— Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунда көчкү жүрүүчү аймактарга мониторинг жүргүзүү жана керектүү техникалар менен камсыздоо;

— Кооптуу деп эсептелген аймактарда жашаган тургундарды көчүрүү жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү.

Ош облусунун аймагында жалпы соода базарларын иретке келтирүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүнө милдеттер:

— Ош облусунун аймагында жалпы соода базарларын ирээтке келтирүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу;

— базарлардын архитектуралык нормаларга шайкештигин тыкыр текшерип, мыйзамсыз курулуштарга бөгөт коюу;

— санитардык, эпидемиологиялык жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө;

— өрт коопсуздук эрежелеринин сакталышын текшерүү;

— базарларда электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү көзөмөлдөө жана электр чубалгыларынын техникалык коопсуздугун камсыздоо;

— жүк ташуучу жана жеке менчик автотранспорт үчүн жабдылган унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE