Пример HTML-страницы

Ош облусундагы милиционерлер балдарды куттуктап, белектерди таратышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБалдарды коргоонун күнүнө карата Ош ОИИБдин жетекчилиги Кара-Суу дүлөй балдар үчүн атайын жатак типтеги бала бакчасына барып, майрамдык белектерди тапшырды. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, ага катар эле Кара-Суу, Араван, Өзгөн, Ноокат, Кара-Кулжа, Алай жана Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилиги да жер-жерлерде балдардын маанайын көтөрүп, майрамдык белектерди тапшырышты.

Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Эл аралык балдарды коргоо күнү жай мезгилинин биринчи күнүнө туш келип, дүйнө жүзү боюнча 1950-жылдан бери белгиленип келет. Бул күн балдардын укуктарын, өмүрүн жана ден соолугун коргоо керектиги жөнүндө коомго эскертүү берип турат.

2024-жылдын башына карата Кыргызстанда 18 жашка чейинки курактагы 2 миллион 692 миң бала жашап жатканы такталган. Алардын жарымынан көбүн (51,4%) эркек балдар түздү. 2023-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 30 миң балага же 1,1% көбөйдү.

Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынын ичинен:

41% — 7 жашка чейинки балдар (1 млн 97 миң адам);

45% — 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн 219 миң адам);

14% — 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (376 миң адам).

Балдардын басымдуу көпчүлүгү (70,6%) айыл жергесинде жашашат.

2023-жылы 146 миңге жакын бала төрөлгөн. Алардын ичинен дээрлик 75 миңи эркек балдар. Башкача айтканда кыздарга караганда балдар көбүрөөк төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE