Пример HTML-страницы

Ош облусунда июнь окуясында жоголгон ок атуучу куралдардын 35и дагы деле табыла элек

Акыркы жанылыктар

TurmushОшто 2010-жылы июнь окуясында жоголгон ок атуучу куралдардын 35и табыла элек. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, июнь окуясында Ош облусунун аймагында күч структураларына тиешелүү жалпы 115 ок атуучу курал жоголгон. 10 жыл ичинде алардын 80и табылып, милицияга кайтарылган. Калганы ушул күгө чейин табылбай келет.

«Ок атуучу курал таап алган жарандар өз ыктяры менен тапшырса, аларга акчалай сыйлыктар каралган. Эгерде мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды жашыруу же куралды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, фактысы аныкталса, бул кылмыш иши деп эсептелинет.

Шектүү адамдар кармалганда, тергөө аракеттери жүргүзүлгөндө аныкталып чыккан каражаттарды ыктыярдуу тапшыруу деп таанылбайт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE