Ош—Баткен—Раззаков жолунда бараткан айдоочу жаңы сатып алган «Мерседес» унаасынан кол жууду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш—Баткен—Раззаков унаа жолунда «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Turmush басылмасына окуянын күбөлөрү билдирди.

Алардын айтымында, окуя бүгүн, 13-сентябрда болгон. Ошту көздөй келе жаткан унаа жолдун четинде күйүп кеткен. Унаа жолго жакын талаа кошо күйүп жатканын көрүүгө болот.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, автоунаадан чыккан өрт саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин, саат 15:44тө түшкөн.

Окуя болгон жерге 1 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.

Кийинчерээк Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, айдоочу унааны жаңы эле сатып алган. Ал Ноокаттан Ош тарапка бара жатканда унаадан өрт чыгып, күйүп кеткен. Айдоочу унаасынан документтерин алууга жетишкен. Унаа өрт өчүрүүчүлөр барганга чейин өрттөнүп кеткен.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️